Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолго асфальт төшөлүп, темир торлор орнотулууда. Сел өтүүчү 2 чоң көпүрө жана суу түтүктөрү курулуп бүттү. Жолдун 25 чакырымы 1-майга чейин колдонууга берилет.
Белгилей кетсек, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун калган чакырымдарынын курулушун 2026-жылы толугу менен бүткөрүү пландалган.