Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси Уланбек Сатиев бүгүн Евроньюс телеканалынын президенти Педро Варгас Давид менен жоолугушту. Бул иш-чара Варгас мырзанын Кыргызстанга болгон расмий иш-сапарынын алкагында өттү. Ал буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин да кабыл алуусунда болгон.
Иш-чарада УТРКнын материалдык жана техникалык базасы менен таанышуу жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр да болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ушул жылы өтө турган ири мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды эл аралык медиада чагылдыруу, ошондой эле мекемелер арасында контент алмашуу, адистерди окутуу жана башка бир топ кызматташуу демилгелерин талкуулашты. Евроньюс жетекчилиги УТРК менен болгон кызматташууга абдан кызыкдар жана ачык экенин баса белгиледи.