Бишкекте 4 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү
Новость

Бишкек шаарында 4 автобус каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитация иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу өзгөртүлдү.

№36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.