Кыргызстандын аймагында саат 05:28де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 3,5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жангак шаарларында 3 баллга чейин сезилген.
Учурда жер-жерлеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.