1-апрелден тарта өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карата өлкө боюнча 15 626 бала мектепке катталды.
Алар:
- Бишкек шаарында — 4 478;
- Ош облусунда — 2 630;
- Жалал-Абад облусунда — 2 505;
- Баткен облусунда — 1 641;
- Чүй облусунда — 1 582;
- Ысык-Көл облусунда — 1 104;
- Нарын облусунда — 641;
- Талас облусунда — 535;
- Ош шаарында — 510.
Министрликтен белгилешкендей, биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.
Эске салсак, быйыл 1-класска 2017, 2018-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат.