Бүгүн, 2-апрелде, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өткөрүлдү.
Иш-чара Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин төрагалыгында Президенттин Администрациясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулду.
Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президенттин кеңешчилери Чолпонбек Абыкеев жана Марат Иманкулов, экс-премьер-министрлер, ошондой эле өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чыгармачыл союздардын мүчөлөрү, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынан жалпы 800гө жакын делегат катышты.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” урааны алдында өтүп жаткан форум чыгармачыл жана илимий интеллигенцияны бириктирүүгө, өлкөнүн руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө, ошондой эле чыгармачыл инсандар менен илимпоздордун жаңы муунун тарбиялоого багытталганын баса белгиледи.
Форум улуттук аң-сезимди, маданий мурасты жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча экени белгиленди. Коңшу мамлекеттер руханий жаңылануу жана ренессанс аркылуу өнүгүүгө умтулуп жаткан шартта, Кыргызстан да өзүнүн “кыргыз ренессансын” жарата алат.
Кыргыз эли тарыхый тажрыйбасындагы татаал шарттарга карабастан улуу инсандарды тарбиялап, маданият жана илим тармактарында олуттуу жетишкендиктерге жетишкендиги айтылды. Айрыкча XX кылымда адабият, кино, театр жана искусство жаатында дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтер жаралган.
Азыркы учурда да кино, сүрөт өнөрү жана илим тармактарында жаңы жетишкендиктер байкалууда. Мамлекет эл аралык деңгээлде таанылган ишмерлерди колдоону күчөтүүнү, гранттарды кеңейтүүнү жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөйт.
Экономиканын маанилүү сектору катары креативдүү индустриянын мааниси жана маданият менен илимди интеграциялоо зарылдыгы баса белгиленди.
Форумдун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер өлкөнүн руханий, илимий жана маданий өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалды бириктирүү аркылуу “кыргыз ренессансына” жетүүгө багытталат.








