Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенттери менен биргеликте Гейдар Алиев борборуна жана Азербайжан улуттук килем музейине барды.
Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Гейдар Алиев борборуна барып, Азербайжандын үчүнчү президентинин тарых таржымалын жана Азербайжан элинин жалпы тарыхын камтыган музейди, көргөзмө залдарды көрүп чыкты.
Андан соң МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев кесиптештери менен биргеликте 1967-жылы негизделген Азербайжан улуттук килем музейин көрүп чыкты. Музейдин фонддору жети коллекциядагы 10 миңден ашык экспонатты камтыйт – «Түктүү килемдер», «Түксүз килемдер», «Килем буюмдары», «Көркөм металл», «Керамика, айнек, жыгач, кагаз», «Кездеме, кийим, сайма», «Зергер буюмдары». Музей өзүнүн коллекцияларын изилдөөгө, килем токуунун унутулуп калган ыкмаларын жандандырууга жана аларга үйрөтүүгө арналган бир катар долбоорлорду жүргүзөт.












