Бакаев көчөсү ачылды
Новость

 Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги транспорттук жол түйүнүн куруунун алкагында Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө курулуш иштер аяктап, колдонууга берилди.

Ошондой эле транспорт агымдарын жөнгө салуу, тыгындарды азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатында төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл киргизилди:

Атап айтканда:

 • Бөкөнбаев көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан батыш багытта Асаналиев (Некрасов) көчөсүнө чейин;

 • жаңы ачылган Бакаев көчөсү — Бөкөнбаев көчөсүнөн түштүк багытта Лев Толстой көчөсүнө чейин.