Ак-Ордо конушунда дагы 750 орундуу чоң мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп 4 блоктон турган 3 кабаттуу болуп, заманбап үлгүдө курулат. Алсак, химия жана физика сабактары үчүн лаборатория, информатика классы, эмгек кабинеттер, ашкана, китепкана жана бардык шарттары менен спорттук залы каралган.
Мындан сырткары жайкы футбол, волейбол жана баскетбол боюнча спорт аянтчалары да салынат. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен болот. Учурда имараттын экинчи кабаты көтөрүлүүдө.
Билим уясы пайдаланууга берилсе мектепке болгон таңкыстык жоюлат.