Ысык-Көл облусундагы стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзгөн бул ири долбоордун алкагында курулуш иштери кызуу темп менен жүрүүдө.
Жолдун 0-чакырымынан 25-чакырымына чейинки бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады. Ошондой эле жол жээктерин бекемдөөчү темир торлорду орнотуу жана белгилерди коюу иштери 100 пайызга бүткөрүлдү.
Аталган 25 чакырымдык жол тилкеси үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин пайдаланууга берилет.
Автожолдун калган чакырымдарында курулуш иштери бекитилген графикке ылайык, үзгүлтүксүз улантылууда. Долбоорду ишке ашырууга жетиштүү сандагы атайын техникалар жана квалификациялуу адистер тартылган.