Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Ак-Бата конушунда 650 орундуу мектептин курулушу башталган. Учурда жер казуу иштери аяктап калды.
Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча жалпы аянты 5257 чарчы метрди түзгөн, 5 блоктон турган, 2 кабаттуу имарат болот.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе 1200дөн ашык бала окуй алат. Учурда иштеп жаткан мектепте орун жетишсиз болуп, бир класста 40- 50 окуучуга чейин бала окуйт.