"Кыргыз темир жолу" эскертет!
Новость

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 6-апрелинен 10-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске алганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.

Иш учурунда жол жарым-жартылай жабылат. Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда.