Бишкекте KyrgyzBuild 2026 эл аралык курулуш көргөзмөсү өтөт
Новость

2026-жылдын 14-16-апрель күндөрү Бишкек шаарында KyrgyzBuild 2026 – курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана анын катышуучуларынын кесиптик өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган эң ири эл аралык курулуш көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөнүн алкагында дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн 110дон ашык компания, заманбап курулуш материалдары жана технологиялары, имараттардын инженердик системалары, энергетикалык жана инфраструктуралык чечимдер, металл конструкциялары, ошондой эле курулуш техникасы жана жабдуулары көрсөтүлөт. 

KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсүн өткөрүү Курулуш министрлиги үчүн стратегиялык мааниге ээ жана курулуш тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын ишке ашыруу механизми болуп саналат. Көргөзмө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, заманбап курулуш технологияларын киргизүүгө, курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, шаардык жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоого көмөктөшөт. 

Мындан тышкары, иш-чара эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана курулуш тармагына алдыңкы технологияларды тартууга өбөлгө түзөт.