Бишкек: Бүгүн Күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат
Новость

Бүгүн Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ири мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары чогулуп, биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт. Медалдар төмөнкү салмак категорияларында ойнотулат: 55 кг, 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг.

Кыргызстандын атынан килемге чыга турган балбандар:

  •  55 кг — Улан Муратбек уулу 
  •  63 кг — Автандил Таалайбеков 
  •  77 кг — Акжол Махмудов
  •  87 кг — Асан Жанышов 
  •  130 кг — Роман Ким 

Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат. Турнир 6–12-апрель күндөрү өтөт.

Кыргыз спорт жылдыздарынын кармаштарын УТРК Спорт телеканалы аркылуу түз эфирде көрө аласыздар!