Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борбору ачылат
Новость

Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борбору ачылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Демилге Энергопром эл аралык форуму алкагында, Казань шаарында көтөрүлүп, коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн да адистерди даярдоону камтыйт.

Форумда Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасы менен Тармактык компания ААК ортосунда маанилүү келишимге кол коюлду.

Ага ылайык:

  •  Кыргызстанда чыңалуу астында иштөө технологиясы киргизилет 
  •  Электр тармактарын өчүрбөстөн тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт 
  •  Адистештирилген окуу борбору ачылат 
  •  Энергетиктерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу күчөтүлөт 

Мындан тышкары, заманбап ыкмаларга ылайык нормативдик-укуктук база иштелип чыгып, электр тармактарын үзгүлтүксүз иштетүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилет.

Бул долбоор Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы 2017-жылдагы кызматташтык келишиминин негизинде, 2025–2027-жылдарга каралган иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылууда.

Снимок экрана 2026-04-06 100549.jpg 55.4 KB