Кыргызстандык боксчу Зафарбек Камилов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament" мелдешинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
55 кг салмак категориясында күч сынашкан мушкер финалга чейин мыкты оюн көрсөтүп, ринг ээлеринин өкүлдөрү — Баран Киркозлер менен Нихат Адиянды жеңген.
Чечүүчү беттеште ал түркиялык, Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Семин Кумуш менен кармашты. Бирок таймаш учурунда колунан жаракат алып, беттешти уланта алган эмес.
Жыйынтыгында Зафарбек Камилов экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль менен сыйланды.
Белгилей кетсек, аталган турнир 29-марттан 5-апрелге чейин өтүп, дүйнөнүн күчтүү боксчуларын чогулткан салттуу мелдеш болуп саналат.