Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы баасы 12 млн сомдон ашкан ири көлөмдөгү дары-дармектерди жана эл керектөөчү ар кандай товарларды алып кирүү аракетин токтотту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Рейддик иш-чаралардын негизинде жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок медициналык препараттар жана буюмдар, ошондой эле ар кандай азык-түлүк товарлары аныкталды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 12 млн сомдон ашат.
Учурда аталган факт боюнча материалдар эсепке алынбаган товарларды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.