Дагы бир кыргызстандык балбан Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында жарым финалга чыкты.
55 кг салмак категориясында Улан Муратбек уулу мелдешти чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында Иорданиянын өкүлү Ахмад Халед Махмуд Ахмадды 2:1 эсебинде жеңди.
Жарым финалда ал Өзбекстандын балбаны Ихтиер Ботиров менен беттешет.