Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргыз балбаны Автандил Таалайбек уулу 63 кг салмагында күч сынашты. Ал биринчи беттеши чейрек финалда жапониялык Кайсей Танабе менен күрөшүп жеңишке жетти.
Эми жарым финалда түркмөнстандык Азатжан Ачилов менен кармашат.