Кыргыз балбаны 30 секундда жеңишти камсыз кылды
Новость

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында жарым финалга чыкты.

Ал 87 кг салмак категориясында күч сынашууда. Чейрек финалда Жанышов Туркменистандын өкүлү Довлетмурат Байрамовду болгону 30 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда кыргызстандык балбан Казакстандын өкүлү Нурсултан Турсынов менен беттешет.

Буга чейин жарым финалга Улан Муратбек уулу, Автандил Таалайбеков жана Акжол Махмудов да чыккан.