Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныктап, ага бөгөт коюшту.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө белгиленген тартипте маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Тартып алынган продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
