Бишкектеги "Жаштык Арена" спорттук комплексинде Азиянын мыкты балбандары катышкан спорттук күрөш боюнча чемпионат башталды. Анда Кыргызстандын намысын балбан кыздар да коргошот.
Курама:
- 53 кг — Азиза Келдибекова
- 55 кг — Арууке Кадырбек кызы
- 57 кг — Танчолпон Кыбалбекова
- 59 кг — Сезим Жуманазарова
- 62 кг — Дилназ Сазанова
- 65 кг — Гүлнур Таштанбекова
- 68 кг — Мээрим Жуманазарова
- 72 кг — Нурзат Нуртаева
- 76 кг — Айпери Медет кызы
Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты 6–12-апрель күндөрү өтөт.