Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерине карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын жана долбоордук-уруксат берүүчү документтердин бар-жогун аныктоого багытталды.
Анын жыйынтыгында “Күмүш Булак” эс алуу жайы жана “Таш-Дөбө Форель” коомдук тамактануу жайы тиешелүү уруксат документтери жок пайдаланууга берилгени аныкталды.
Мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине административдик чаралар көрүлүп, 200 000 сом айып салынды. Талаптар толук аткарылганга чейин объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду.

