Нурбек Изабеков Азияда жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды
Новость

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Азияда жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды.

Бул чечим 5-апрелде Бишкек шаарында өткөн UWW Asia жыйынында кабыл алынды.

Изабеков 2025-жылдын жыйынтыгы менен кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу аталды. Бул жылы кыргызстандык балбандар жалпысынан 39 медаль жеңип алышкан: 8 алтын, 10 күмүш жана 21 коло.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу деп Өзбекстандын өкүлү Рустам Ассакалов табылса, эркин күрөш (эркектер) боюнча бул наам Ирандык Пейджман Доросткар ыйгарылды.