Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Азия чемпионатынын жарым финалында жеңишке жетти
Новость

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында  жарым финалга чыгып, 87 кг салмак категориясында Казакстандын өкүлү Нурсултан Турсыновду 8:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Кыргыз балбаны чейрек финалда Туркменистандын өкүлү Довлетмурат Байрамовду 10:0 эсебинде 30 секунд ичинде жеңген.

Эми ал 7-апрелде алтын медаль үчүн Индиянын өкүлү Кумар Сунил менен ирандык Голамреза Фарокхисенжани жуптун жеңүүчүсү менен беттешет.