Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда
Новость

7-апрелде Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты уланат. Экинчи мелдеш күнүндө грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыгып, 60, 67, 72, 82 жана 97 кг салмак категорияларында күч сынашышат.

Бул күнү Кыргызстандын атынан төмөнкү балбандар чыгат:

 60 кг — Курманбек Жапаров
 67 кг — Раззак Бейшекеев
 72 кг — Амантур Исмаилов
 82 кг — Ырыскелди Максатбек уулу
 97 кг — Мелис Айтбеков
Алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат.

Ал эми саат 18:00дө чечүүчү беттештер башталат.

Алтын медалдар үчүн:

- 63 кг Афтандил Таалайбек уулу

- 77 кг Акжол Махмудов

- 87 кг Асан Жанышов

Коло медалдар үчүн 

- 55 кг Улан Муратбек уулу

- 130 кг Роман Ким

Баатырларыбызды бирге колдойлу! Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалынын түз эфиринен көрүңүздөр!