Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев апрель окуяларында курман болгондорду эскерди
Новость

Бүгүн, 7-апрелде, Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондордун элесин эскерди.

Ал 2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.

Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.