Мушкер Ихтияр Нишанов чемпион болду
Новость

Кыргызстандык мушкер Ихтияр Нишанов Стамбул шаарында өткөн эл аралык турнирде чемпион аталды.

Ал 70 кг салмак категориясында күч сынашып, төрт беттештин баарында атаандаштарын ишенимдүү жеңди. Финалда австралиялык Уильям Млачичти утуп, алтын медалга ээ болду.