Таласта Апрель революциясында курман болгондор эскерилди
Новость

Талас шаарынын борбордук паркында Апрель революциясында  курман болгондор эскерилди. Иш чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Чолпонкулов, 7-Апрель революциясынын баатырлары жана курман болгон баатырлардын ата-энелери, туугандары катышышты.

Курман болгондорду эскерүү иш-чарасында Апрель баатырларынын эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран багышталып, курман болгондорду бир мүнөт эскеришип, алардын урматына аскердик залп атылды.

Андан кийин Талас облустук драма театрында иш-чара уюштурулуп, Апрель ыңкылабын чагылдырган театралдаштырылган пролог тартууланып, 7-апрель мектеп окуучуларынын көзү менен аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. 

Эскерте кетсек, 7-апрель окуясына быйыл 16 жыл болду.