Нарын: Ден соолук күнүнө карата акысыз текшерүү жүрдү
Новость

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Нарын шаарында М.Рыскулов атындагы облустук музыкалык драма театрынын алдында акысыз медициналык кароо жана спорттук иш-чаралар уюштурулду. Ага Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери катышып, кан басымын, кант деңгээлин, салмакты текшерип, ВИЧ жана боор ооруларын алдын алуу боюнча кеңеш беришти.

Иш-чарада тамеки, алкоголду токтотуу, туура тамактануу жана дене көнүгүүлөрү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле, гимнастика жана спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.