Бүгүн, 7-апрелде Нарын шаарындагы "Тянь-Шань" паркында Апрель элдик революциясынын 16 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, апрель окуясынын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары катышты.
Эстеликке гүлчамбар коюлуп, асманга ок чыгарылып, куран окулду. Дубан башчы Нурбек Сатаров баатырлардын эрдиги эч качан унутулбасын белгилеп, жакындарына сабыр жана ден соолук каалады.
Эскерте кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулап, борбордук аянттагы нааразылык акциясында 87 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышкан. Апрель революциясы элдин эркиндиги жана акыйкаттык үчүн күрөшүнүн символу катары тарыхта калды.


