Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Акжол Махмудов Азиянын төртүнчү жолку чемпиону болду.
Ал ирандык Али Забихолла Оску менен беттештип, аны 3:3 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, балбандар грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта алтын медаль үчүн күч сынашты.