Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна алып баруучу жолду куруу иштери жанданды. Жыргалаңда кыш 7 айга созулгандыктан, азыркы учурда күн жылып, жол куруу сезону башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырым аралыктагы айланма жолдо жер жумуштары аткарылууда.
Ошондой эле, суу өткөрүүчү өтмөктөрдү куруу боюнча даярдык иштери да параллелдүү жүргүзүлүүдө.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Каракол шаарынан курортко чейин жаңы 2-4 тилкелүү заманбап унаа жолу салынат. Ал эми каржылоо «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренесинин алкагында камсыздалган.
Долбоорго ылайык, жолдун негизи толук даярдалып, асфальт төшөлүп, үстүбуздөгү жылы колдонууга берилери күтүлүүдө.
Долбоор аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга чоң салым кошот.