Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 7-апрелде, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.
Кыргыз-индия кызматташтык маселелери жана Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өткөрүлө турган алдыдагы иш-чаралардын графиги, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу талкууланды.
Адилет Орозбеков менен Бирендер Сингх Ядав эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

