Азия чемпиондугу: Арууке Кадырбек кызы чейрек финалда кытайлык балбан кыздан жеңилип калды
Новость

 Бүгүн, Бишкек шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы беттеши башталды. 

Биринчилерден болуп Арууке Кадырбек кызы кытайлык балбан кыз менен күч сынашып, 11:0 эсебинде жеңилип калды. Балбандар 55 кг чейинки салмакта күч сынашкан.

Эске салсак, Азия чемпиондугу борбор калаада 6-апрелде расмий түрдө старт алган. Эл аралык деңгээлдеги бул ири мелдеш 12-апрелге чейин уланат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Япония, Кытай, Монголия жана башка өлкөлөрдүн спорт чеберлери катышууда.

Мелдеш күрөштүн үч түрү боюнча өтүүдө:
грек-рим күрөшү
эркин күрөш
кыз-келиндер күрөшү

Кыргызстандын курама командасынын атынан жалпысынан 29 спорт чебери күч сынашууда.

Кечээ, 8-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар ийгиликтүү жыйынтыкталып, 3 балбаныбыз Азия чемпионунун титулун алышты. 

Азия чемпионаты УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.