Сезим Жуманазарова 10-0 эсебинде жеңилди
Новость

Бүгүн, борбор калаада кыз-келиндер арасындагы Азия чемпиондугу уланууда. Бул ири мелдеште өлкө намысын коргогон балбан кыздарыбыз да килем үстүнө чыгып, күч сынашууда.

Алардын катарында экинчи болуп беттешке чыккан Сезим Жуманазарова 59 кг салмакта жапониялык атаандашы менен күч сынашты.  Оюн жыйынтыгында жапон балбаны 10:0 эсебинде утушка ээ болду.

Эске сала кетсек, Азия чемпиондугу 6-апрелде расмий түрдө башталып, 12-апрелге чейин уланат. Эл аралык деңгээлдеги бул мелдеште Азиянын эң күчтүү балбандары чогулган.

Азия чемпионаты УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.