Бүгүн Бишкек шаарында Азия чемпиондугунун алкагында кыз-келиндер арасындагы беттештер өтүүдө.
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээси, өлкөбүздүн сыймыктуу балбан кызы Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясында вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Эске салсак, Азия чемпиондугу борбор калаада 6-апрелде расмий түрдө старт алган. Эл аралык деңгээлдеги бул мелдеш 12-апрелге чейин уланат.
Кыргызстандын курама командасынын атынан жалпы 29 спортчу күч сынашууда.
Азия чемпионаты УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.