Айпери Медет кызы кытайлык атаандашып жеңип, жарым финалга чыкты
Новость

Мээрим Жуманазаровадан кийин килемге чыккан Айпери Медет кызы кытайлык балбан кыз менен татыктуу жана кызыктуу беттеш өткөрдү. 76 кг салмак категориясында күч сынашкан балбан кызыбыз атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.

Эске салсак, Азия чемпиондугу борбор калаада 6-апрелде расмий түрдө старт алган. Эл аралык деңгээлдеги бул мелдеш 12-апрелге чейин уланат.

Азия чемпиондугу УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.