Адылбек Касымалиевдин РФ Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен сүйлөшүүлөрү болду
Новость

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, өлкөгө жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды. Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.