Мээрим Жуманазарова финалда!
Новость

Бүгүн Бишкек шаарында Азия чемпиондугунун алкагында кыз-келиндер арасындагы беттештер өтүүдө.

Өлкөбүздүн сыймыктуу балбан кызы Мээрим Жуманазарова  кытайлык атаандашын 1:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова чейрек финалда вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан 

Кыргызстандын курама командасынын атынан жалпы 29 спортчу күч сынашууда.

Азия чемпионаты УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.