Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев Азиянын чемпиону болду.
Ал жапон балбаны менен беттештип, аны 8:2 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, балбандар грек-рим күрөшү боюнча 67кг салмакта алтын медаль үчүн күч сынашты.
Кыргызстандын курама командасынын атынан жалпы 29 спортчу күч сынашууда.
Азия чемпионаты УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.