Азиза Келдибекова атаандашын 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды
Новость

Кыз-келиндер күрөшүнүн экинчи күнүндө Көңүл жубатуучу беттешке чыккан Азиза Келдибекова шриланкалык атаандашын 12:1 мөөнөтүнөн мурда утуп алды. 

Эске салсак, Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренада өтүп жаткан Азия чемпиондугу уланууда. Кечээ, 8-апрелде бетештердин 3-күнү жыйынтыкталды. Кыз-келиндер арасындагы күрөштө балбан кыздарыбыз Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова атаандаштарын татыктуу жеңип, жарым финалга чыгышкан.

Белгилей кетсек Кыргызстандын курама командасынын атынан жалпы 29 спортчу күч сынашууда.

Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалы түз эфирде чагылдырууда