Таңчолпон Кыбалбекова жеңилүү ызаасын тартты
Новость

Беттешке чыккан дагы бир балбан кызыбыз Таңчолпон Кыбалбекова атаандашынан ири эсепте жеңилип калды.  

Эске салсак, Бишкек шаарында 6-апрель күнү Күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталган. Кыргызстандын курама командасындагы спортчуларыбыз татыктуу оюндарды көргөзүп, чемпиондук наамдарга ээ болушууда. Арасынан жеңилүү ызаасын тарткандар да бар.

Ал эми, Кыз-келиндер арасындагы күрөштө балбан кыздарыбыз Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазароважарым финалга чыгышкан.

Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалы түз эфирде чагылдырууда.