Дилназ Сазанова кытайлык атаандашына 10:0 эсебинде утулду
Новость

Бүгүн борбор калаада кыз-келиндер арасындагы күрөштүн экинчи күнү уланууда. Беттешке чыккан балбан кыздарыбыздын бири Дилназ Сазанова кытайлык атаандашына 10:0 эсебинде жеңилип калды. Ал 62 кг салмак категориясында күч сынашты.

Күйөрмандардын эсине: 18:00–20:30 саат аралыгында сиздер УТРК СПОРТ каналынан кыргыздын сыймыктуу кыздары Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарованын чемпиондук наам үчүн беттешин түз эфирде көрө аласыздар.