Буга чейин шриланкалык атаандашын 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан Азиза Келдибекова да жеңилүү ызаасын тартты. Ал кийинки айлампада кытайлык балбан кыздан 10:0 эсебинде утулду.
Бирок анын атаандашы финалга чыкса, Азиза коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча жарым финалдык жана финалдык беттештерди бүгүн, 9-апрелде УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрө аласыздар:
-Жарым финал: 16:45–17:45
-Финалдык беттеш: 18:00–20:30