Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында кыргыздын эки балбан кызы алтын медаль үчүн беттешет.
Беттештер саат 18:00дө башталат.
Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясында беттешсе, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күч сынашат.
Балбан кыздарыбызды бирге колдойлу! Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалынын түз эфиринен көрө аласыздар!