Бишкек шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы Азия чемпиондугунда Нурзат Нуртаева жарым финалда кытайлык балбан Жиа Лонг менен беттешти. Жыйынтыгында кыргыз балбаны 11:1 эсеби менен жеңилип калды.
Эске сала кетсек, Нурзат Нуртаева чейрек финалда кореялык балбан Субин Кимди 10:0 эсеби менен жеңип алган.
Азия чемпионаты УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.