Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы Элчиси болуп дайындалды
Новость

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.