Президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова менен Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаевдин жолугушуусу болуп өттү.
Тоолуу экосистемаларды жана мөңгүлөрдү сактоо, биоартүрдүүлүк, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн Борбордук Азияга тийгизген таасири талкууланды.
Кыргыз тарап «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландары менен бөлүшүп, тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча Глобалдык борбор түзүү демилгесин, тоо изилдөөлөрү боюнча илимий хаб түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана тоо продукциясын бренддөө демилгесин сунуштады.
Жергиликтүү жамааттарды колдоо жаатында, анын ичинде кол өнөрчүлүктү, агро- жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле климаттык туруктуулукту жогорулатуу маселелери, анын ичинде эрте эскертүү системаларын киргизүү жана Борбор Азиянын тоолуу жана түздүк аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу өнүгүү боюнча өз ара демилгелерди колдоо менен, глобалдык аянтчалардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.