Арууке Кадырбек кызы коло медал үчүн күрөштө жеңилип калды
Новость

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 кг салмакта Арууке Кадырбек кызы индиялык балбан Хансика Лимба менен коло байге үчүн күч сынашты. Күрөштүн жүрүшүндө кыргыз балбаны жеңилүүгө учурады.

Буга чейин Арууке Кадырбек кызы чейрек финалда кытайлык Юсиань Лиге 11:0 эсебинде утулган. Жыйынтыгында кытайлык балбан финалга чыкты.

Азия чемпионатын УТРК Спорт телеканалынан түз эфирде көрө аласыздар